• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токмоктогу психоневрологиялык мекемеге күн батареялары аркылуу суу жылыткан система орнотулду

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык-станционардык мекемесинде күн батареялары аркылуу суу жылыткан системалар орнотулду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, күн энергиясы менен суу жылыткычтарды орнотуу долбоорунун ачылышына министр Кудайберген Базарбаев катышты.

Долбоордун алкагында күн энергиясы менен суу жылытуучу 6 заманбап система орнотулду. Интернаттын 6 имаратына 750 жана 1000 литрлик алты резервуар аркылуу ысык суу менен камсыздалат.

Министрдин айтымында, бул интернаттардын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн күн энергиясын пайдалануу боюнча социалдык камсыздоо системасынын биринчи тажрыйбасы.

"Күн энергиясы менен суу жылыткычтарды орнотуу интернаттын бейтаптарын жетиштүү ысык суу менен камсыздоо менен алардын жашоосун жакшыртат. Ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз болуу диспансердин кызматкерлерине бейтаптарга толук кандуу гигиеналык жардам көрсөтүүгө мүмкүндүк берет. Күн менен суу жылытуу системасын колдонуу энергияны алуу үчүн заманбап, экологиялык жактан таза ыкма болуп саналат”,- деди Базарбаев.

Белгилей кетсек, 250 орунга ылайыкташтырылган интернатта 18 жаштан жогорку психоневрологиялык диагнозу бар кызмат алуучулар жашап келет. Жакынкы убакка чейин ысык сууга болгон муктаждыкты үч "Аристон" камсыздап келген, бирок алардын көлөмү (ар бири 80 литрден) дайыма жетишсиз болуп келген, анын ичинде жабдуулардын эскиришине байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий