• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте экологиялык нормаларды бузгандарга 255 миң сомдук айып салынды

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкекте экологиялык нормаларды бузгандарга 255 миң сомдук айып салынды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыл башынан бери зыяндуу заттарды өрттөө фактыларын аныктоо боюнча 90 рейд жүргүзүлүп, 341 мончо, сауна, жеке менчик үй текшерилген.

Анын жыйынтыгы менен 255 миң 500 сомдук 24 мыйзам бузуу протоколу түзүлдү. Текшерүүдө көпчүлүк учурда тыюу салынган буюмдарды өрттөө фактылары тастыкталган жок, көбүнүн экологиялык паспорттору болгондугу аныкталган. Ошондой эле инспекция бардык субъекттерге отундун альтернативдүү түрүнө өтүү боюнча эскертүүлөр берилген.

Текшерүүнүн максаты – каучук, резина, синтетикалык калдыктарды жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү тыюу салынган заттарды өрттөөнү алдын алуу болуп саналат.

Рейддер 2021-2023-жылдарга Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун экологиялык абалын жакшыртуу боюнча комплекстүү иш-чаралар планын аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий