• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аптаптуу ысык! Бишкекте шаардык кызматтарга муздак суусундуктар таратылды

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Октябрь райондук администрациясы "Шоро" компаниясы менен биргеликте райондо иштеп жаткан шаардык кызматтардын жумушчуларына улуттук суусундуктарды таратты.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган акцияны Октябрь администрациясы Биринчи май акимиатына өткөрүп берди.

Эскерте кетсек, дарыгерлер күнүнө 1,5-2 литрден кем эмес таза суу же минералдык суу ичүүнү сунушташат.

Шаардык мэрия "Шоро" компаниясына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 12-14-июль күндөрү абанын температурасы кескин түрдө жогорулап, ысык аба ырайы күтүлөрүн маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий