• 88.68
  • 95
  • 0.95

Элчи Жаныш Рустенбековдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. Бишкекте көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, саясатчы, дипломат, СССРдин эң мыкты партиялык кадрларынын бири, Ленин комсомолу жаштар союзунун Кыргызстандагы жетекчиси Жаныш Рустенбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Маркум менен коштошуу иш-чарасына министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров, мамлеккеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, кесиптештери, көрүнүктүү саясий ишмерлер, жакындары катышты.

Президенттин, жалпы министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Жаныш Рустенбековдун үй-бүлөсүнүн, жакын туугандарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айткан Акылбек Жапаров маркумдун басып өткөн өмүр таржымалына токтолуп, анын уюштуруучулук жөндөмү күчтүү, саясий көз караштары бекем сапаттарын белгиледи.

“25 жашында Кыргыз ССРинин Ленин комсомол жаштар союзунун борбордук комитетине кызматка чакырылган. Ошентип 1975-жылдан тартып, дээрлик 50 жыл мамлекеттик кызматка узак жылдар бою ак эмгегин арнады. Жаныш Султанкулович Рустенбеков – Кыргызстандын тарыхында өмүрүнүн көпчүлүгүн мамлекеттик кызматка арнаган көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер, дипломат катары кала берет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Жаныш Рустенбеков 2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал Легендарлуу парламенттин депутаты, Кыргызстандын мамлекеттик катчысы, президенттин администрация жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты, өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргызстандын Казакстандагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстандагы элчиси болуп бир катар кызматтарда иштеген.

Маркум Жаныш Рустенбековдун сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Пикир

Оставить комментарий