• 88.68
  • 95
  • 0.95

Көрүнүктүү саясий ишмер жана дипломат — Жаныш Рустенбековго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 11.07.23./Кабар/. Кыргызстан эли орду толгус жоготууга учурады.

2023-жылдын 11-июлунда 74 жаш курагында Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери, саясатчы жана дипломат Рустенбеков Жаныш Султанкулович мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Рустенбеков Жаныш Султанкулович 1949-жылы 25-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Октябрь айылында туулган.

Ж.С. Рустенбеков 1977-жылдан тартып мамлекеттик кызматта узак жылдар бою эмгектенди. 1990–1993-жылдары элдин эсинде «легендарлуу парламент» катары калган Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 12-чакырылышынын депутаты болгон.

1993–1994-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, 1994–1995-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Мамлекеттик катчы кызматтарын аркалаган.

1995–1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Ош облусунун губернатору болуп иштеген.

1996–2000-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору кызматын ээлеген.

2000-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты болуп шайланып, 2005-жылдагы чакырылыштын аягына чейин Стратегиялык өнүгүү, өнөр жай жана ишкердик комитетин жетектеген.

2005–2007-жылдары Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болгон.

2007–2022-жылдары Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы, Түркмөнстандагы жана Тажикстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп иштеген.

Ал үзүрлүү эмгеги үчүн «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен сыйланган.

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын эмгек сиңирген ишмери» ардактуу наамына арзыган.

Ж.С. Рустенбеков Кыргызстандын тарыхында өмүрүнүн көпчүлүгүн мамлекеттик кызматка арнаган көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер жана дипломат катары кала берет.

Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, жана кайгысын тең бөлүшөбүз.

Ж.С. Рустенбековдун жаркын элеси жердештеринин, досторунун жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З.К. Базарбеков, С.С. Касмамбетов, К.К. Ташиев, Э.Ж. Байсалов, М.М. Иманкулов, К.Т. Зулушев, Н.К. Шайлдабекова, А.Дж. Джунушалиев, М.А. Азымбакиев, Ж.М. Кулубаев, Б.Э. Ажикеев, А.С. Джаныбеков, А.М. Матубраимов, А.Дж. Джумагулов, Э.Н. Джантаев, К.С. Джумагазиев.

Пикир

Оставить комментарий