• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ата-энелердин 78%ы карантин учурунда балдарды аралыктан окутууга канааттанган эмес. Себептери

Коом 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. 82%дан ашык балдар аралыктан окутууга тартылган деп билдирет Улуттук статистикалык комитет. Бул маалымат COVID-19дун КРдагы балдар жана аялдардын абалына тийгизген таасири тууралуу кластердик сурамжылоонун жыйынтыгы.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча, аралыктан окутуу үчүн негизинен телефон/планшет – 98,9%, сыналгы – 51,5%, компьютер-ноутбук – 5,6% жана башкалар – 0,7% колдонулган.

Онлайн окутуу процессине канааттанбаган ата-энелер 78%ды түзгөн. Канааттанбоонун негизги себеби балдардын окуу материалдарын жакшы түшүнбөгөнү болгон. Балдардын дээрлик жарымы сапаттуу инернетке ээ болгон эмес жана телесабактарды дайыма көрүүгө жетишпей калышкан, үчүнчүдөн интернет байланыш үчүн төлөө мүмкүнчүлүгү болгон эмес. 37%га жакыны жабдыктардын жетишсиздигин белгилеген.

Пикир

Оставить комментарий