• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Тоолуу райондордо, ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

Коом 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. 8-мартта абанын температурасы төмөндөйт: түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -5…-10° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -6…-11° суук, күндүз 1…6° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…-5°, күндүз 3…8° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.

"2020-жылдын 7-мартынан 9-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 68-99-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Арал-Миң-Куш 1-10-чакырымдарында, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 63-93-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл", - деп билдирет Кыргызгидромет.

Пикир

Оставить комментарий