• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шопоков шаарында турак үйдөн өрт чыгып, түтүнгө ууланган эркек киши ооруканага жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 07.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-март күнү Сокулук районундагы (Чүй облусу) Шопоков шаарынын Дзержинский көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыгып, анын айынан 53 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган. Өрт өчүрүүдөн кайтып келе жаткан Ленин райондук №6 аскерлештирилген Өрт-куткаруу бөлүмүнүн 1 унаасы болжол менен саат 10:00дө Военно-Антоновка айылында жол кырсыгына кабылган.

"Алдыда келе жаткан жеңил унаанын айдоочусу чукул токтогондугу байланыштуу, өрт өчүрүү унаанын айдоочусу алдыдагы унааны сүзбөш үчүн рулду оңго буруп жолдон чыгып бакты сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жок. Унаа жол жээгинен чыгарылып, Өрт өчүрүү бөлүмүнө кайтып келди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий