• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мурдагы президент жана премьерлерге өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 31.01.19 /Кабар/. Мурдагы президенттерге, премьер-министрлерге жана парламенттин төрагаларына өзгөчө статус берүү жөнүндө мыйзам долбоору убактылуу артка кайтарылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Парламенттин маалыматында, айрым массалык маалымат каражаттарында "Кыргыз Республикасынын эӊ жогорку кызмат адамдары жөнүндө" мыйзам долбоору тууралу так эмес маалымат тарап калгандыгы айтылган.

Жогорку кызмат адамдарын мамлекеттик камсыздоо тууралуу норма азыркы мыйзамдарда бар, бирок Мирлан Бакиров демилгелеген мыйзам долбоорунун алкагында каралган эмес.

Сунушталган мыйзам долбоорунун мааниси, эң жогорку кызматта иштеп кеткен адамдарга өзгөчө статус берүү жана анын негизинде мамлекеттик мекемелерге ээн эркин кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүү, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.

Вице-спикер Мирлан Бакиров сунуштаган мыйзам долбоору убактылуу артка кайтарылып, толукталган соң кайра коомдук талкууга чыгарылат.

Эске салсак, айрым массалык маалымат каражаттары Мирлан Бакиров бюджеттик эсептен мурунку президенттерди, премьер-министрлерди, төрагаларды өмүрүнүн акырына чейин камсыздап турууну сунуштады, деп жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий