• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Саламаттыкты сактоо министринин эки кымбат унааны сатып алуусу боюнча түшүндүрмөсү

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Эки кымбат автоунаа - Toyota Rav 4 жана Toyota Land Cruiser Prado - эксперттердин аймактарга чыгып иштөөсү үчүн алынган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, министрлик 2018-жылы чыккан Toyota Rav 4 унаасын 42 миң долларга жана Toyota Land Cruiser Prado унаасын 59,2 миң долларга сатып алышкан. Бул жагдай коомчулуктун нааразычылыгын туудурган.

Чолпонбаев белгилегендей, министрлик Дүйнөлүк банк тарабынан грант катарында каржыланган "Жыйынтыкка негизделген каржылоо" (ЖНК) долбоорун 2014-жылдан бери ишке ашырып келет.

"Медициналык кызматтарды баалоону киргизгенбиз. Ал үчүн бир катар пилоттук аймактар тандалган. Биздин эксперттер барып, баалоочу картанын негизинде упайлар берилип, ага жараша кошумча каражаттар берилчү. Ал каражаттардын эсебинен биздин саламаттыкты сактоо уюмдарыбыз кошумча медициналык жабдыктарды алып, оңдоо иштерин жүргүзүп, маяналарды көтөрө алышты. Баарынан мурун ал медициналык кызматтардын сапатын жакшыртууга максатталган ыкма болчу", - деди министр.

Чолпонбаев кошумчалагандай, мындай долбоорлор өлкө боюнча дароо өткөрүлбөй, башында пилоттук негизде киргизилет.

"Биз жакшы жыйынтыктарды көрүп жатабыз. Мындан улам ЖНКнын жыйынтыгын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун күчү менен киргизе баштадык. Алар шыктанып жакшы иштеши үчүн бул максатка акча бөлүнгөн. Экинчиси, мен мурдараак айткандай, октябрдан тарта ЖНКнын принцибин колдонуу менен үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасын көтөрө алдык. Жыйынтыкка негизделген боюнча. Бүгүн 4-ай аяктап биз жакшы натыйжаларды алып жатабыз. Үй-бүлөлүк дарыгерлер өз ишин сапаттуу аткара баштады. Эл ыраазы. 5-6 айдан кийин жакшы жыйынтык беребиз", - деп белгиледи министр.

Анын айтымында, жакшы жыйынтыктарды алгандан улам баалоочу эксперттердин өлкөнүн аймактарына чыгып туруусу үчүн автоунаа сатып алуу чечилген.

ЖНК долборунун жетекчиси Клара Осмонбаева унаалар тендердин жыйынтыгы менен алынганын билдирди.

"Бул машиналар жаңы. Биз аларды расмий дистрибьюторлордон алдык. Үч жыл кепилдиги бар. Баалар тендердин алкагында көрсөтүлгөн", - деп ал, тендердик комиссия сунушталган баалардын эң төмөнкүсүн тандаганын кошумчалады.

Осмонбаеванын маалыматы боюнча, унаанын үлгүсү боюнча так шарттар коюлган эмес.

"Алар жаңы жана төрт дөңгөлөгү иштеген болушу керек деген шарт койгонбуз. Бул башкы шарттардан болгон. Биз ал "Тойота" болушун же баасын айткан эмеспиз. Тендерде арзан унаалар менен соода кылгандар да катыша алмак", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий