• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Мурас” турнири. “Ден соолук” утушун майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборуна берет

Коом 0

Бишкек, 31.05.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинин “Ден соолук” командасы утушун майыптыгы бар балдарды реабилитациялоо борборуна берет.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, майыптыгы бар балдарга колдоо көрсөтүү жана кам көрүү максатында министрликтин жетекчилиги жана “Мурас” футбол турниринин катышуучулары жыл сайын 1-июнда белгиленүүчү Балдарды коргоо күнүнө карата байгени Саламаттык сактоо министрлигине караштуу майыптыгы бар балдарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борборлорунун бирине тапшырууну чечти.

Белгилей кетсек, 27-28-май күндөрү Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда “Мурас” футбол боюнча достук турнири өтүп, анда бир нече команда күч сынашкан.

Беттештин жыйынтыгында биринчи орунду “Ден соолук” командасы жеңип, оюнчуларга чемпиондун өтмө Кубогу жана 400 миң сомдук сертификат тапшырылган.

Пикир

Оставить комментарий