• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Вице-премьер өзгөчө кырдаал учурунда кайсы объекттер иштей берерин айтты

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар маалында өлкөдө азык-түлүк базарлары, дүкөндөрү, дарыканалар, медициналык мекемелер, май куюучу жайлар, банктар, өндүрүш, курулуш, энергетика, коммуналдык чарба кызматынын объекттери иштей берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

"Бир гана талап, алар санитардык нормаларды сактап, күн сайын дезинфекциялоо жүргүзүп турушу керек", - деди ал.

Анын менен бирге, ал чоң соода борборлору, кафе, ресторандар, мал базарлары, оюн-зоок жайлары жабылганын айтып өттү.

Ошондой эле ал Бишкек шаарындагы коомдук унаалар боюнча айтып, троллейбус менен автобустар иштеп жатканын билдирди.

"Жүк ташуу боюнча эч кандай тыюу салуу жок. Шаар ичинде, шаарлардын ортосунда, облустардын ортосунда жүк ташуулар жүргүзүлүп жатат", - деди ал.

Белгилей кетсек, 22-марттан тарта Кыргызстандын аймагында өзгөчө кырдаал киргизилген.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

Пикир

Оставить комментарий