• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал 2-майдын саат 17:00гө карата туруктуу. Бул тууралуу Медиа-штабта өткөргөн маалымат жыйында УКМКнын Чек ара кызматынын мамлекеттик чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Назаралы уулу Талантбек айтты.

Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча тараптар чек ара сызыгына жакын кошумча күчтөрдү жана каражаттарды туруктуу дислокацияланган жайына кайтаруу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн тен жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн кыргыз-тажик чек ара аймактарындагы көзөмөл-өткөрмө пунктары убактылуу жабылган.

Чек ара кызматынын өкүлү үйлөрүн аргасыз таштай качкан тургундардын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын да кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий