• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде эвакуацияланган келиндердин бири эгиз төрөдү – кыз жана уул

Коом 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Кадамжай шаарынын чек аралаш айылдарынан эвакуацияланган кош бойлуу 3 келиндин бири эгиз төрөдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун маалыматына караганда, чек арадан эвакуацияланган 8 кош бойлуу келин медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө турган, бүгүн алардын үчөө төрөдү, калган төртөө Кадамжайдагы Жалпы практикалык дарыгерлер борборундагы төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат, дагы бир кош бойлуу келин үй көзөмөлүндө.

1. 1989-жылы туулган Ж.А., Кызыл-Жол айылынын жашоочусу, 2-майда эгиз төрөдү – кыз жана уул;

2. 1990-жылы туулган Г.кызы К., Кара-Бак айылынын жашоочусу 1-майда кыз төрөдү;

3. 1993-жылы туулган Т.Д., Бужум айылынын жашоочусу, 1-майда кыз төрөдү. Эне-балдарды абалы канааттандырарлык.

Ведомстводон билдиргендей, аларга зарыл болгон бардык медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий