• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: Түркиядан КРдин 8 жараны депортацияланды

Коом 0

Бишкек, 15.05.18. /Кабар/. Түркиядан КРдин 8 жаранын сойкучулук үчүн депортация кылышты. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Түркиянын миграция кызматына таянып билдирет.

Маалыматка ылайык, бир катар түрк ЖМКлары мурда Айдын (Түркия) провинциясында сойкучулук жана аны уюштургандары үчүн 28 чет элдик жаран кармалгандыгын маалымдашкан. Алардын ичинде: Грузиянын – 5 жараны, Кыргызстан – 8, Өзбекстан – 6, Казакстан – 8, Армения – 1.

Түрк ЖМКнын маалыматы боюнча, кармалган бардык чет элдик жарандар Айдын провинциясынын миграция иштери боюнча облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

КРдин Түркиядагы элчилигинин билдирүүсү боюнча, Айдын провинциясынын облустук миграция башкармалыгынан үстүбүздөгү жылдын 8-9-май күндөрү жогоруда аталган жарандар кармалгандыгын, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары да бар экендигин тастыкташкан.

Түрк тарап билдиргендей, бардык документтер текшерилип, тиешелүү жараяндар жасалган соң, КР жарандары депортацияланган.

Пикир

Оставить комментарий