• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМ: Келечектеги милиция кызматкерлерине министрликтин ишмердүүлүгү жөнүндө тасма көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 02.05.22 /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Республикалык окуу борборунун угуучуларына аталган министрликтин ишмердүүлүгү жөнүндө тасма көрсөтүлдү Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тасма ИИмдин Республикалык окуу борборунун жетекчилигинин демилгеси менен көрсөтүлгөн. Тасмада Ички иштер министрлигинин ишмердүүлүгү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана республиканын ички иштер органдарынын ишинде киргизилип жаткан жаңы кадамдар көрсөтүлгөн.

"Келечектеги милиция кызматкерлери үчүн тасманы көрсөтүү милициянын ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө так билүүгө өбөлгө болду. Көргөзмөгө келген угуучулардын көпчүлүгү бир нече жумадан кийин милиция кесибинин өкүлдөрүнүн катарын толукташат", - деп айтылат маалыматта.

Көрсөтүүнүн аягында ИИМдин Республикалык окуу борборуун начальниги Кылыч Кадыркулов ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчилигине тасманы көрсөтүүнү уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ички иштер органдарындагы кызмат коомдук коопсуздукту жана укук тартибин сактоо, жарандарды кылмыштуу кол салуулардан коргоо ишинде жогорку жоопкерчиликти талап кылган оор жумушту тандоо экендигин белгиледи.

"Сиздердин ишиңиздердин жыйынтыгы, чынчылдыгы, принципиалдуулугу калктын милицияга болгон ишеними, анын коомдогу жана мамлекеттеги кадыр-баркы көз каранды болорун эсиңизден чыгарбаңыздар. Эртең кайсы жерде кызмат өтөбөңүздөр, берген антыңыздарга ишенимдүү болуңуздар, ИИОнун кызматкери наамын ар-намыс жана кадыр-барк менен алып жүрүңүздөр, ушул тандаган кесиптин артында чоң жоопкерчилик тураарын унутпаңыздар. Сиздер менен болгон ишибиздин жыйынтыгы боюнча коомчулук милициянын укук тартибин, жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуу укуктарды жана кызыкчылыктарды коргоону камсыз кылуу жөндөмүнө баа берет”, – деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий