• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды

Президент 0


Бишкек, 09.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн өлкөгө расмий сапар менен келген Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамовду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөлөр ортосундагы байланыштардын азыркы абалы жана келечеги, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо тууралуу кеңири пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы мейман менен саламдашып жатып, кыргыз тарап Азербайжан менен болгон мамилеге өзгөчө маани берерин белгиледи. Акыркы жылдары эки тараптуу мамилелердин тарыхында чоң жылыш болду - 2022-жылы жогорку деңгээлдеги эки сапар болду, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон бардык маселелер жөнгө салынды.

Президент тараптар стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин белгилеп, Мамлекеттер аралык кеңеш жана Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондун түзүп, Азербайжан тарабынан Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу жөнүндө Макулдашууга кол койгонун канааттануу менен баса белгиледи. Мунун баары мамлекеттер аралык мамилелер учурда абдан динамикалуу өнүгүп жаткандыгын жана буга чейин болуп көрбөгөндөй жогорку деңгээлде экендигин айгинелейт.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө президент Садыр Жапаров Азербайжандын Президенти Ильхам Алиевге жылуу саламын жана жакшы каалоо-тилектерин айтты.

Өз кезегинде тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Садыр Жапаровго жолугуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин атынан жылуу саламын жана ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктоо сөздөрүн айтты.

Министр бүгүн кыргыз кесиптеши Жээнбек Кулубаев менен ийгиликтүү өткөн сүйлөшүүлөрдү белгилеп, анын алкагында Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселелери, БУУнун климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын (СОР29) тараптарынын конференциясынын 29-сессиясына даярдык, региондогу учурдагы кырдаал талкууланды.

Учурдан пайдаланып, Жейхун Байрамов президент Ильхам Алиевдин атынан президент Садыр Жапаровду быйыл Азербайжанда өтө турган аталган иш-чарага катышууга чакырды.

Тараптар ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжан кызматташтыкты кеңейтүү боюнча чараларды көрүп жатканын жана Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фонду бул багытта натыйжалуу платформа болуп саналарын, анын жардамы менен ар кандай тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылганын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий