• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азия чемпионатын өткөрүүгө даярдык. "Бишкек Аренада" көчмө жыйын өттү

Спорт 0

Бишкек, 09.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 9-апрелде "Бишкек Арена" шаардык муз аянтчасында спорттук күрөш боюнча өтө турчу Азия чемпионатына жана Олимпиадага катышууга жолдомо берген лицензиялык турнирге даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын өттү.

Ага Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жана спорттук күрөш боюнча федерациянын өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйындын алкагында катышуучулар муз аянтчанын абалы менен жеринен таанышып, материалдык-техникалык жабдуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, иш-чаранын катышуучулары менен чет өлкөдөн келген меймандардын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Эске салсак, 11-16-апрель күндөрү Бишкекте спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча (эркин, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү) Азия чемпионаты жана 19-21-апрелде Эл аралык лицензиялык турнир өтөт.

Пикир

Оставить комментарий