• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эр эңиш боюнча өлкө чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда эр эңиш боюнча өлкө чемпионаты өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Эр эңиш федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш 11-июнда Белек айылындагы ат майданында болду. Чемпионатта спортчулар беш салмак категорияда: 60 кг, 70 кг, 80 кг, 90 кг, 90 кг жогору салмакта Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынан жана Бишкек, Ош шаарларынан балбандар катышты.

Жыйынтыгы:
60 кг
1-орун — Акыл Сагынбеков, Талас облусу
2-орун — Жекшенбек Турдубеков, Нарын облусу
3-орун — Балбай Айдарбек уулу, Ош облусу
70 кг
1-орун — Калыбек Бузурманкулов, Чүй облусу
2-орун — Чолпонбай Темирбек уулу, Ош шаары
3-орун — Бактыгул Райкан уулу, Нарын облусу
80 кг
1-орун — Амантур Мүнур уулу, Талас облусу
2-орун — Ислам Бердибек уулу, Нарын облусу
3-орун — Нурали Шавхатбек уулу, Ош облусу
90 кг
1-орун — Турдукул Абдрахманов, Ош облусу
2-орун — Конокбай Баркыжоков, Нарын облусу
3-орун — Кумарбек Адилет уулу, Жалал-Абад облусу
+90 кг
1-орун — Күмүшбек Кыдыралиев, Талас облусу
2-орун — Манас Кылычбек уулу, Жалал-Абад облусу
3-орун — Нуркан Мамбеталиев, Бишкек.

Пикир

Оставить комментарий