• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ала-Буканын Өрүктү айылында 75 орундуу бала бакча пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Ала-Бука районунун Өрүктү айылында 75 орундуу бала бакча курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бала бакча райондун өнүктүрүү фондунан каржыланып, 24 млн сом жумшалган.

"Мекемени ишке берүү аземине КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район акими Нурбек Сатаров, жергиликтүү тургундар жана ата-энелер катышты", - деп айтылат маалыматта.

Облус башчысы мектепке чейинки мекеме наристелердин жаштайынан тарбиялоо жана билим сапатын жакшыртууга чоң түрткү берээрин белгилеп, жеткиликтүү бала бакча ата-энелердин жумуш менен алектенип, үй-бүлө кирешесин арттырууга да шарт түзөөрүн айтты.

Белгилей кетсек, Өрүктү айыл аймагында жалпы 8 миңден ашуун калк жашайт. Учурда үч бала бакча иштеп, дагы эки айылга мектепке чейинки билим берүү мекемесин куруу аракети көрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий