• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Оштун вице-мэр курулуп жаткан объектилерди кыдырды

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, 5-апрелде вице-мэр Жасур Азимов өткөн жылы ремонту башталган көчөлөрдөгү курулуш иштерин көрүп чыкты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Туран муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ирригатор жана Жапалактагы Алибеков көчөсүндөгү жол куруу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле Анар кичи районундагы тротуардын курулуш иштерин көрдү.

Вице-мэр аткарылып жаткан иштердин сапатына көңүл буруп, өз убактысында бүткөрүү боюнча тапшырма берди.

Кошумчалай кетсек, Курманжан-Датка, Ленин, Масалиев көчөлөрүндө жол жамоо иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий