• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Ысык-Көлдө 20 турак үй жана 15 га жер тилкеси суу каптоодон корголот

Аймак 0

Бишкек, 08.04.21. /Кабар/. Ысык-Көлдө 20 турак үй жана 15 га жер тилкеси суу каптоодон корголот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан Түп районунун Шаты айылынын чыгыш тарабындагы 1350 метр​ узундуктагы каналдын​ нугун тазалоо иши​ жүргүзүлүүдө.​

Аталган тилкеде​ жаз-жай мезгилдеринде жана жаан-чачын нормадан ашык жааган учурларда, каналдагы​ суу​ нугунан ашып айыл тургундарынын турак жайларын, чарбактарын суу каптоо коркунучу жаралып келген. Натыйжада​ ​ 20 турак үй жана 15га жер тилкеси суу каптоо коркунучунан​ корголот.

​ Белгилей кестек, иш-чара ӨКМдин “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын”​ 2021-жылга бекитилген планынын негизинде​ аткарылууда. ​

Пикир

Оставить комментарий