• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто коронавирус катталган жок, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу — мэрия

Аймак 0

Бишкек, 12.03.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында коронавируска байланыштуу ыкчам штаб иш алып барууда. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус илдети менен ооругандар катталган жок. Шаар аймагында коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана андан ары жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам штаб тарабынан “Күчөтүлгөн даярдык” тартиби киргизилип, эпидемияга каршы иш-чаралардын ыкчам даярдыгын камсыз кылуу, өз ара кечиктирилигис чараларды уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.

"Келген жарандардын бардыгы алгоритимдин негизинде тепловизордон өткөрүлүп, температурасы болгондор, ден соолугуна даттангандар катталган жок. Ош облусунда жана Ош шаарында жашаган Кытайдан жана башка вируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирген мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында жалпы - 449 койка (обсерватор) жана изоляторлор даярдалган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий