• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды

Аймак 0

Бишкек, 19.04.20. /Кабар/. Ошто коменданттык саатты бузган 12 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун комендатурасынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында - 8, Кара-сууда - 3, Ноокатта бир жаран коменданттык саатты бузган. Алардын ичинен бир аял Ош шаарынан жана Ноокат районунда бир чет өлкөлүк жаран кармалган.

"12 жарандын 5 атуулуна протокол түзүлдү, төртөөнө кылмыш иши катталды жана 3 жаранга эскертүү берилген. Ошондой эле 4 жаран мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн ар бирине 17,5 миң сом айыппул салынган", - деп айтылат маалыматта.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий