• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жыл жыйынтыгын чыгарды

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда, Нарын шаарындагы Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектебинде Нарын облустук ички иштер органдарынын жүргүзгөн ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирет.

Жыйынга президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Адыл Сапаров, Нарын облусунун прокурорунун орун басары Бекболу уулу Жайлообек, Нарын ОИИБдин башчысы Алмазбек Жумабеков жана башкармалыктын тармактык кызмат жетекчилери, Нарын ШРИИБнүн башчылары, орун басарлары катышты.

Маалымат жыйында Нарын ОИИБнын 2021-жылдын 12 ай ичинде аткарылган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы, жарандарды кабыл алуу, алар тараптан түшкөн арыз-даттанууларды, билдирүүлөрдү кароо тартиби тууралуу маалымат берилип, жыл ичинде кетирилген кемчиликтер жана жетишкендиктер боюнча да айтылды.

Ошондой эле кылмыштуулук менен күрөшүүдө, коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо, кесипкөйлүүлүгүн өркүндөтүүдө жана ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы менен эң жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен кызматкерлерге, “Кесиби боюнча мыкты”, “Мыкты ички иштер бөлүмү”, “Мыкты ардагерлер кеңеши” сынагынын жеңүүчүлөрүнө атайын дипломдор, жеңүүчүнүн кызматынын жазуусу түшүрүлгөн тасма жана жазуусу түшүрүлгөн статуэткалар тапшырылды.

Ошондой эле Нарын облустук ички иштер органдарында "Жылдын мыкты бөлүм жетекчиси", "Жылдын мыкты нөөмөтчүнүн жардамчысы", "Жылдын мыкты айым кызматкери", "Жылдын мыкты медицина кызматкери", "Жылдын мыкты спортчусу" номинациялары берилди.

Иш-чаранын жыйынтыгында Нарын ОИИБнын начальниги Алмазбек Жумабеков өздүк курам арасында тартип маселеси жөнүндө, коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана ар бир ишке так жоопкерчиликтүү болууну баса белгилеп, жалпы жыйынга катышкан кызматкерлерге иштерине ийгилик каалады.

Пикир

Оставить комментарий