• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарынын спортчулары былтыр ар кандай турнирлерден 141 алтын медаль утушкан

Аймак 0

Бишакек, 06.04.23. /Кабар/. Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында КРнын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман, Назылбеков, мэрдин орун басары Нурбек Кадыров катышып, өткөн жылы бир топ ийгиликтерге жетишкен мыкты спортчуларга жана машыктыруучуларга Ардак грамота, акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ош шаарынын спортчулары 2022-жылы бир топ ийгиликтерге жетишкен. Алар былтыр жалпы 223 турнирге катышып, 141 алтын, 154 күмүш, 157 коло медалга ээ болушкан. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 23,8 пайызга көп.

Пикир

Оставить комментарий