• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 8,5%га азайды

Аймак 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. 2020-жылдын 6 айында Баткен облусунун аймагында 75 өрт кырсыгы катталып, өткөн жылга салыштырмалуу (2019-жылдын ушул мезгилинде 82 өрт кырсыгы катталган) өрттүн саны 8,5%га азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өрттөн келтирилген материалдык чыгымдардын жалпы суммасы 6 млн 906 миң 431 сомду түздү. Катталган өрт кырсыктарынан 1 киши каза болуп, 1 жаран жабыр тарткан.

Ал эми өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын өрт кырсыктарына жана авариялык куткаруу иштерине чыгуусу менен жалпы суммасы 23 млн 274 миң сомдук материалдык баалуулуктар куткарылган.

Пикир

Оставить комментарий