• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нарында VIII «Кыргыз шырдагы» фестивалы өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.06.18. /Кабар/. Нарында VIII «Кыргыз шырдагы» фестивалы өтүүдө. Иш-чаранын ачылышы бүгүн болду, - деп билдирет өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, фестивалдын ачылышы менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Франция мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Микаэль Ру куттукташты.

Фестивалга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан, Кыргыз Республикасынын министрлик, ведомстволорунан, эл аралык уюмдардын, республиканын жети дубанынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппаратынан, Кыргызстандагы бизнес коомчулуктар, туристтик жана соода компанияларынын, кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин өкүлдөрү катышууда.

«Кыргыз шырдагы» фестивалы элдик көркөм жана улуттук кол өнөрчүлүктүн салттарын жандандыруу, облустар аралык маданий-экономикалык байланыштарын бекемдөө, фестивалдын натыйжаларын жогорулатуу жана улантуу менен үчүнчү Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна алгач даярдык көрүү, Региондорду өнүктүрүү жылына карата улуттук кол өнөрчүлөр тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды жарнамалоо максатында уюштурулууда.

Фестиваль Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин уюштурууда. Иш чаранын өткөрүлүшүнө Нарын шаардык мэриясы, Ага Хан фондунун, КР соода-өнөр жай палатасынын, ПРООН, Бишкек ишкерлик клубунун колдоо көрсөтүүдө.

Иш чарага өлкөнүн 7 облусунан 300дөн ашык кол өнөрчүлөр, көркөм өнөр буюмдарын өндүргөн жеке ишкерлер, сүрөтчүлөр, чакан ишкана, кооперативдердин, көркөм өнөрчүлүк устаттарын даярдоочу окуу жайлардын өкүлдөрү катышат.

Үч күндүк фестивалдын алкагында Нарын шаарынын «Ала-Тоо» стадионунда «Мыкты шырдак», «Илгерки шырдак» кароо-сынактары, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмө-жарманкелер, «Кол өнөрчүлөрдүн устат-шакирт» мастер-класстары, театрлаштырылган улуттук каада-салттар концерттик программа менен коштолот. 29-июнь күнү С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде «Шырдактын тарыхы» аттуу илимий конференция, К.Мамбеталиева ат. облустук тарыхый-этнографиялык музейинде «Кыргых мурасы: кол өнөрчүлүк. Оюулары жана орнаменттери» аталыштагы залдын ачылышы өтөт. Жыйынтыгында жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи өткөрүлүп мыкты деп табылган шырдак музейге өткөрүлүп берилет.

Пикир

Оставить комментарий