• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сүйүнчү! Ошто үч эм төрөлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.07.23. /Кабар/. 2023-жылдын 22-июлунда Ош шаарынын перинаталдык борборунда үч эм төрөлдү – эки уул жана бир кыз.

Медиктердин маалыматына ылайык, балдар кесерово жолу менен жарыкка келди. Наристелердин биринчиси (уул) - 1 кг 200 грамм, экинчиси (кыз) - 1 кг 350 грамм, үчүнчүсү (уул) - 1 кг 280 грамм.

Үч эмдин энеси Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургуну. Бул 21 жаштагы эненин биринчи төрөтү. Ымыркайлар мөөнөтүнөн мурда - 30 жумасында жарык дүйнөгө келди.

Ош шаарынын саламаттык сактоо координатору Эрмек Нурунбетовдун маалыматына ылайык, ымыркайлардын абалы туруктуу жана алар үйлөрүнө чыгарылды.

Пикир

Оставить комментарий