• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда 48 долбоор дем берүүчү гранттардын эсебинен каржыланды

Аймак 0

Бишкек, 13.10.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 59,5 млн сом суммасында 48 долбоор каржыланды.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, алар:

- 14 мектепке – 18,6 млн сом;
- 2 саламаттык сактоо мекемелерине 1,1 млн сом;
- 21 инженердик-коммуникациялык инфраструктура объектилерине 31,1 млн сом;
- 2 спорттук курулуштарга – 1,7 млн сом;
- 3 маданий маанидеги объектиге – 2,3 млн сом;
- 6 бала бакчага – 4,7 млн сом жумшалды.

Пикир

Оставить комментарий