• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокендин Достук айыл аймагына заманбап милиция бөлүмчөсү курулду

Аймак 0

Бишкек, 14.10.22. /Кабар/. Ноокен районунун Достук айыл аймагына заманбап шарты менен милиция бөлүмчөсү курулду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмчөсу калк жыш жайгашкан, айрыкча чек арага жакын аймактарда кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана элге жакындан кызмат көрсөтүү максатында курулду.

Курулуш иштерине 4 млн сомдон ашуун акча жумшалып, анын 3 млн сому республикалык бюджеттен, калган 1 млн сомдон ашууну Достук айыл өкмөтү тарабынан каржыланган.

Азыркы учурда имараттын ички, сырткы бөлүктөрү бүткөрүлгөн. Ичинде нөөмөт бөлүмү, административдик камера, кызматкерлердин иш бөлмөлөрү каралган. Ошондой эле жуунуучу бөлмө да ажыратылып, керектүү каражаттар орнотулду. Пластик терезелер, заманбап эшиктер коюлду. Учурда кызматтык бөлмөлөрдү майда жумуштары калды.

Пикир

Оставить комментарий