• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облустук милициясында жыл жыйынтыгы чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.01.22. /Кабар/. Кечээ, 21-январда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгында 2021-жылдагы ыкчам кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы чыгарылды.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, жыйынга Жалал-Абад ОИИБнин башчысы Ашим Тагаев, ОИИБдин бөлүм жана кызмат башчылары, ШРИИБ жетекчилери катышты.

Алгач былтыркы жылы облус аймагында аткарылган жумуштар тууралуу маалыматтар берилди. Андан соң милиция менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барган бир катар журналисттер ИИМдин «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдары жана ардак грамоталары менен сыйланышты.

Сыйлык тапшыруу аземин улай өткөн жылы кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн ар бир кызматтын мыктылары аныкталды. Ошондой эле Ардагерлер кеңештеринин жыл жыйынтыгы чыгарылып, 1-орунга Ноокен, 2-орунга Аксы, 3-орунга Таш-Көмүр ШРИИБдеринин Ардагерлер кеңештери татыктуу болушту.

Ал эми шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан жыл ичинде аткарган жумуштары үчүн 1-орунга Таш-Көмүр ШИИБи жетишип, ОИИБдин өтмө туусу тапшырылды. 2-орун Ноокен РИИБне, 3-орун Чаткал РИИБне ыйгарылды.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Ашим Тагаев сыйлык ээлерин куттуктап, алардын иштеринде ийгиликтер болуусун каалап, ак дилден элибиз үчүн кызмат өтөөгө чакырды.

Ыкчам кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган жыйында мүлккө каршы кылмыштар менен күрөшүүнү күчөтүү, элге сылык мамиле жасап, сервистик тейлөө зарылдыгы белгиленди. Участкалык инспекторлордун ишин жандандырып, тейлеген аймагында кылмыштуулуктун алдын алуу керектиги айтылды. Ошондой эле өткөн жылы кетирилген кемчиликтер каралып, аларды тез аранын ичинде жоюу талабы коюлду. Өзгөчө Сузак, Токтогул жана Ала-Бука РИИБдеринин кемчиликтери үчүн эскертүүлөр берилип, ишмердүүлүгүн жандандыруу зарылдыгы белгиленди.

Мындан сырткары, 2022-жылга карата аткарыла турган жумуштар талкууга алынып, бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий