• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад шаарында мугалимдердин август кеңешмеси өттү

Аймак 0

Бишкек, 28.08.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында “Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр” аталышындагы мугалимдердин август кеңешмеси өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык кеңештин депутаты Буниса Мамадалиева, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев жана 200дөн ашуун мугалимдер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Калчаев 2022-2023-жылдагы шаардагы билим берүү мекемелериндеги жетишкендиктер, ошол менен кара эле кемчилдиктер боюнча баяндама жасады. Андан соң үзүрлүү эмгектенип жаткан бир катар педагогдорго мэриянын жана шаардык кеңештин атынан Ардак грамота жана алкыш баракчалары тапшырылды.

Эске салсак, Жалал-Абад шаарындагы жалпы 20 мектепте 1200 дөй мугалим эмгектенип, 28 миңдей окуучуга билим берип келет.

Бул жылы 1-класска 3 миңден ашуун окуучу кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий