• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзгөндө мас айдоочу жол кырсыгына кабылып, бир адам каза болду

Аймак 0

Ош, 18.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун Өзгөн шаарында мас айдоочу жол кырсыгынын күнөкөрүү болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Ош облусунун патрулдук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы күн мурун 23:30да катталган. “Тойота Виндом” үлгүсүндөгү унаанын 25 жаштагы айдоочусу жогорку ылдамдыкта бара жатып, “Дэу Тико” унаасын сүзүп, ал болсо “Хонда Фитти” менен кагылышкан.

“Кырсыктын натыйжасында “Тико” унаасынын айдоочусу каза болгон. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй кырсыктын күнөөкөрү “Тойота” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мас абалында болгон”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий