• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарына 150 ыктыярчы тартылды

Аймак 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Талас облусунда өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарына жалпысынан 150 ыктыярчы тартылган. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Көчмөндөр оюндарына 150 ыктыярчы тартылып, алардын 110у "Манас Ордо" тарыхый комплексиндеги маданий иш-чараларга бөлүнгөн. Калган 40 ыктыярчы "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплексинде жардам көрсөтүүдө.

УКОна ыктыярчыларды тандоодо чет тилин билүүсү, уюмдарда иштөө тажрыйбасы жана ири спорт иш-чарасын уюштуруу жөндөмү каралган.

Белгилей кетсек, оюндун ыктыярчылары 4 күндүк окуудан өтүштү. Алгачкы күнүндө Улуттук Кызыл жарым ай коому тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүү туурасында сабак берилген. Экинчи күнүндө ыктыярчылардын милдети жана иши, үчүнчү күнү Талас облусунун тарыхы, "Манас" эпосу жана улуттук оюндар жөнүндө сабак өтүлгөн.

Акыркы күнүндө "Чылымсыз спорт" аталышында семинар өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий