• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москва районунда "Мал уурулугу" аталышындагы рейд өттү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Кечээ, 17-ноябрда Москва районунун ИИБнин криминалдык милиция кызматкерлеринин демилгеси менен "Мал уурулугу" аталышындагы рейд болуп өттү. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарга 30 ашуун милиция кызматкерлер тартылып, 50 ашык мал кармаган сарайдын ээлери жана малчылары менен алдын алуу иштери жүргүзүлдү. Жолугушууда малдарды уурулуктан сактоонун жөнөкөй эрежелерин сактоо боюнча кеңештер берилди.

Москва райондук милиция кызматкерлери тарабынан мал баккан сарайлардын ээлерине 100дөн ашык эскертүүлөр жазылып берилип, 35ден ашуун малчылардын өздүктөрү текшерилди.

Андан сырткары район аймагында жайгашкан мал союучу жайларда текшерүү иштери жүргүзүлүп, ал жерлерде иштеген 5 жаран менен алдын алуу иштери жүргүзүлүп, шектүү жарандар тарабынан алынып келген малдар боюнча дароо ички иштер органдарынын кызматкерлерине билдирүү зарыл экендиги эскертилди.

Рейд учурунда Москва РИИБи тарабынан мал уурулугу боюнча 5 факты катталды.

Пикир

Оставить комментарий