• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунда "Мектеп лигасы" спорттук иш-чаранын III этабынын ачылыш өттү

Аймак 0

Бишкек, 07.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 7-апрель күнү КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ош облусунун мектеп окуучулары арасында өтүүчү “Мектеп лигасы” спорттук иш-чаранын III-этабынын ачылыш аземине катышты.

"Спорт-бул ден соолуктун булагы" демекчи, дени сак, сергек жашоо үчүн спорт менен ар дайым машыккыла. Келечекте эл аралык мелдештерде желегибизди желбирете турган, күчтүү спортчулар араӊардан чыгат деп ишенем, ал үчүн талыкпай аракет кылып, спортту эч качан таштабагыла", - деген облус башчысы жаш спортчуларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, 7-8-9-апрель күндөрү өтүүчү бул иш-чарада окуучулар спорттун волейбол, баскетбол жана футбол түру боюнча күч сынашат.

Облус аймагында мындай спорттук иш-чаралар жаштарды дени сак жана сергек жашоого тарбиялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий