• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде жыл башынан бери 68 бажы эрежесин бузуу фактысы аныкталды - Максутов

Аймак 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Баткен облусунда жыл башынан бери 68 бажы эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен бажысынын аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында 1-январдан 1-июнга чейин 68 бажы эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Ага жалпы суммасы 279 миң сомдук айыппул салынган.

"Бузуу иштери боюнча 1 млн 658 миң 807 сомдук бажылык төлөмдөр өндүрүлгөн. Ошондой эле 18 факты боюнча топтолгон материалдар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилип, 18 кылмыш иши козголду. Ал кылмыш иши боюнча мамлекетке келтирилген зыян 9 млн 962 миң сомду түзгөнү аныкталган. Анын 2 млн 135 миң сому толук өндүрүлдү", - дейт ал.

Максутов кошумчалагандай, Кадамжай, Кызыл-Кыя шаарында Финполиция тарабынан аткезчилик жолу менен бара жаткан 5 жүк ташуучу унаа аныкталып, кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий