• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы Баткендеги чек арада жайгашкан мектепке ыйгарылды

Аймак 0

Бишкек, 06.09.23. /Кабар/. Баткен облусуна караштуу Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы орто мектепке Кыргыз Республикасынын Эл артисти Апаз Жайнаковдун ысымы ыйгарылып, эстелиги ачылды. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Үч-Дөбө айылындагы типтүү мектеп чек арада жайгашкан. Ал мамлекет тарабынан курулуп, 2022-жылы пайдаланууга берилген.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер, чыгармачыл инсандар, Апаз Жайнаковдун жакындары, айылдаштары, мугалимдер жана окуучулар катышты.

Салтанаттын катышуучулары Эл артистинин кыргыз элин, жерин даңазалаган чыгармалары, мамлекеттин гимнине тете болгон обондору түбөлүктүү экенин, миң жылдар алмашса да, бул улуу чыгармалар элдин жүрөгүндө сакталаарын белгилешти. Мектепке Эл артистинин жеке буюмдары, аккардеону, сыйлыктары коюлду.

Иш-чарада жергиликтүү таланттар Апаз Жайнаковдун чыгармаларын аткарышты.

Апаз Жайнаков 1960-жылы Баткен районунун Үч-Дөбө айылында туулган. 1995-жылы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон. Ал эми 2003-жылы Кыргызстандын Эл артисти наамы ыйгарылган.

2006-жылы Баткен облустук музыкалык драма театрын негиздеген. Обончунун көзү өткөндөн кийин анын аты өзү эмгектенген аталган театрга берилген.

Апаз Жайнаков Баткен облусунун гимнинин автору. Учурда анын ысымы өзү жашаган Баткен шаарындагы көчөгө да ыйгарылган.

Обончу 2013-жылы 9-октябрда 53 жашында оорудан улам көз жумган.

Пикир

Оставить комментарий