• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто балык менен күрүчтү бирге өстүрүү технологиясы ишке аша баштады

Аймак 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Ошто балык менен күрүчтү бирге өстүрүү технологиясы ишке аша баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Өзгөн балык чарбасы" мамлекеттик ишканасы "балык-күрүч" чарбачылыгынын пайдалуу багытын жүргүзүү технологиясын практика жүзүндө жүзөгө ашырууда. Бул көлмөлөрдө балык чабактарын (карп-сазан, толстолоб, амур жана башка) биргелешип өстүрүү дегенди түшүндүрөт.

Балык менен күрүч бирге өстүрүүдө балык күрүчкө төмөнкүдөй таасир этет:

- балык тамак издөөдө топуракты жумшартып, суунун бетиндеги биологиялык пленканы жок кылат;
- күрүчтүн негизги зыянкечтери - күрүч чиркейинин личинкаларын жок кылат;
- күрүч үчүн кошумча жер семирткич катары балыктын калдыктары жана балыкка берилген тамактар кызмат кылат.

"Ушулардын бардыгы күрүчтүн түшүмдүүлүгүн 8-10 ц/га жогорулатууга өбөлгө болот, бул түшүмдүн олуттуу жогорулашына алып келет. Балык түрүндөгү кошумча азыктарды алуу күрүчтүн өздүк наркын төмөндөтөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Күрүч талааларында балык өстүрүүдө гербициддерди жана пестициддерди колдонууга болбойт. Ошондуктан, каражат гана үнөмдөлбөстөн, күрүчтүн түшүмү да сапаттуу болууда (анын абсолюттук салмагы көбөйүп, пленканын пайызы төмөндөп, бош дан азыраак болот).

Пикир

Оставить комментарий