• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги жаңы перинаталдык борбор жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет

Ден соолук 0

Бишкек, 08.01.24. /Кабар/. Бишкектеги жаңы перинаталдык борбор жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы перинаталдык борборунун ачылышына карата даярдык иштери менен таанышты.

Борбордун курулушу аяктады. Учурда медициналык жабдууларды орнотуу, ошондой эле борбордун айлана-тегерегин көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.

Жакынкы аралыкта жаңы перинаталдык борбордун расмий ачылышы пландалууда.

Эскерте кетсек, перинаталдык борбордун имаратынын курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) гранттык каражаттарынын эсебинен каржыланууда.

Перинаталдык борбор 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган.

Пикир

Оставить комментарий