• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды

Аймак 0

Бишкек, 02.05.23. /Кабар/. Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Мамажан көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эскилиги жеткен көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Андан тышкары, соода жайларынын жана имараттарынын сыртындагы жарнак объекттеринин ар кандай түрлөрүнө, кулактандырууларга, көрнөк-жарнактардагы мамлекеттик тилдин талаптарынын сакталышына көңүл бурулду.

Жыйынтыгында бир нече ишкерге тиешелүү эскертүүлөр берилди. Мыйзам ченемдерин белгиленген мөөнөттө аткарбаган ишкерлерге карата административдик чаралар колдонулуп, жарнактары алынат.

Белгилей кетсек, текшерүүлөр шаардын архитектуралык-көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, тышкы жарнама маалыматтын мамлекеттик тилдеги тексттерин адабий тилдин ченемдерине ылайык келтирүү, ошондой эле шаардын сырткы жарнамаларын жайгаштыруу жана пайдаланууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлдү.

Мэриядан кошумчалашкандай, рейддик иш-чаралар шаардын бардык кичи райондорунда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий