• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта илдет катталган айылдарга блок-посттор коюлду

Аймак 0

Бишкек, 18.03.20. /Кабар/. Райондун карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарындагы 19 жерге блок-посттор орнотулганын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Жалал-Абадда өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

«Ал айылдарда адамдардын кирип чыгышына чектөө киргизилет. Сыртан келген адамдар болсо артка кайтарылып жатат. Жергиликтүү тургундарга бул боюнча тушүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Кырдаалга байланыштуу блок-посттордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн», - деди Жолдошев.

18-мартта Сузакта өзгөчө кырдаал жарыяланды. Буга райондун 70, 62, 42 жаштагы үч тургунунан коронавирус табылганы себеп болду. Алар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келген.

Пикир

Оставить комментарий