• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара чыры: Жергиликтүү тургундар убактылуу көчүрүлгөн мектепте окуу башталды

Аймак 0

Бишкек, 13.01.20. /Кабар/. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы чырга байланыштуу жергиликтүү тургундар көчүрүлгөн мектепте окуу башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы орто мектебине убактылуу жайгашкан тургундар үйлөрүнө кайтып, мектепте окуу башталган.

"Жергиликтүү тургундардын, окуучулардын коопсуздугу күч түзүмдөрүнүн ар дайымкы көзөмөлүндө. Аймактагы өзгөчө кырдаал режими алынды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий