• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек арачылар Тажикстандан КРге киргизилген 2 тонна аткезчилик лимонду аныкташты

Аймак 0

Бишкек, 03.03.18. /Кабар/. Кыргызстанга Тажикстандан бажы көзөмөлүн айланып дээрлик 2 тонна аткезчилик лимон алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Кыргызстанга лимонду мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган фактыны “Түштүк” бажы кызматынын кызматкерлери ачыкташкан.

Маалыматка ылайык, 1-мартта болжол менен саат 00:30 чамасында Кадамжай районундагы Көк-Талаа айылындагы Баткен-Ош унаа жолунда “Мерседес-Бенц 408” үлгүсүндөгу унаа токтотулган, аны КРдин Э.Н., аттуу жараны башкарып бара жаткан.

Жүк ташуучу унааны текшерүү маалында 1900 кг “лимон” табылган, жалпы суммасы 133 миң сомду түзгөн.

Бардык чогултулган материалдар териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий