• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл облусунун милиция кызматкерлери мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. 16-ноябрь күнү КР Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана ЕККУнун өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарынын Алыкул Осмонов атындагы мектептин окуучулары менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты - өспүрүрүмдөрдүн арасында бузууларды алдын алуу жана коомдогу жаштардын жашоосундагы активдүү жашоо образын калыптануусуна багытталган.

Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү окуучуларга өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн өспүрүмдөр арасында бузууларды алдын алуу боюнча жаңыча көз караштар тууралуу айтып беришти. Ошону менен бирге, кылмыштарды жана бузууларды жасаган учурлардан кандай жоопкерчиликке тартыла тургандыгы жөнүндө эскертишти.

Аталган чогулуштун жүрүшүндө ЕККУнун өкүлү Константин Бедарев катышуучуларга ИИМдин коомдогу ролу тууралуу айтып берип, милиция кызматкерлери – жарандардын коопсуздугун жана бейпил жашоосун камсыздоо боюнча чоң иштерди аткара тургандыгын белгиледи.

Иш-чаранын жыйынтыгында ИИМдин жана ЕККУнун өкүлдөрү окуучуларга окуу жылын ийгиликтүү аяктоолорун каалап, көчөдө, коомдук жайларда, коомдук унааларда жүрүм-турум эрежелерин сактоого жана мекенин сүйүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий