• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Премьер-министр Кочкор-Ата шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 21.12.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Кочкор-Ата шаарындагы «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышты.

«Коопсуз шаар» долбоорунун Бишкек шаарына киргизилиши менен жолдордогу абал жакшы жагына өзгөргөнүн тажрыйба көрсөттү. Жол кырсыктары кыйла азайды. Эми бул долбоорду Ош шаарында ишке ашырабыз. Келечекте «Коопсуз шаар» системасын өлкөнүн бардык калктуу конуштарына орнотуу ниетибиз бар», - деп белгиледи Премьер-министр.

Долбоор Кочкор-Ата шаарында 2019-жылдын 1-ноябрында ишке киргизилген. Кыймыл эң көп болгон 16 кесилишке жалпысынан 106 камера коюлду. Электр жарыгысыз эле 6 саатка чейин иштеген камералар 3 режимде иштейт: күндүзгү жана түнкү сьемка, унаалардын мамлекеттик каттоо номерлерин фиксациялоо.

«Долбоордо эң негизгиси - бул айыптардан каражаттардын түшүүсү эмес. Баарынан биринчи, бул биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн киргизилген. Биз туура жолдо баратканыбызды долбоор менен иштөө тажрыйбасы көрсөттү»,- деп Мухаммедкалый Абылгазиев сөзүн жыйынтыктады.

Пикир

Оставить комментарий