• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто троллейбустардын айдоочулары иш ташташты

Аймак 0

ОШ, 10.08.17 /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында троллейбустардын айдоочулары бүгүн, 10-августта иш таштап жумушка чыкпай коюшту. Бул тууралуу айдоочулардын бири Рысбек Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, айрым учурларда троллейбустардын оңдоо иштерин шылтоолоп 2 ай айлыгыбызды кармашат. “Жаңы троллейбустарда кайдагы оңдоо иштери болсун? Эгер биз күндө акча алып келип жатсак, биз эмнеге 2 ай айлык маянабызды күтүшүбүз керек. Мындан тышкары биз күнүнө тапкан акчабыздын 80 сомун кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө төлөгөнгө каршыбыз. Мурда 1-июлга чейин жолдомого 180 сомдон төлөчүбүз, азыр аны 280 сомго көтөрүштү. Ал эми жолдомого 200 сомдон төлөдү деп жазып беришет. Калган 80 сом кимдин чөнтөгүнө кетип жатат анда. Күнүнө бир троллейбус 7 рейстен жазайт, жыйынтыгында биз бир күндө 1 миң 960 сом төгөбүз. Анын 1 миң 400 сому эсептелинет, ал эми калган 560 сомдун каякка кетип жатканын билбейбиз”,-деди айдоочу.

“Күнүнө рейске 14 троллейбус чыгат, мындан улам күнүнө кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө 7840 сомдон кетип жатат. Бизде эки кассир иштейт. Жолдомого да, берки акчаны дагы ошолорго беребиз. Азыр биздин иш таштообуздан улам, коркутуп жатышат, кааласаңар иштегиле иштегиңер келбесе ачкычты тапшырып кеткиле дешүүдө”,-деп кошумчалады Кадыралиев.

Ош шаардык мэриясынын алдындагы шаардык чарба иштери жана транспорт бөлүмүнүн жетекчиси Урали Романовдун билдиришинче, биринчи жарым жылдыкта жалгыз троллейбус чарбасы планды аткара алган эмес. Мындан улам жетекчилик троллейбустардын ар бир рейсиндеги планды 300 сомго көтөрүүнү чечишкен. Бул чечимге айдоочулар макул эмес.

“Айдоочулардын иш таштоосун жеринде чечебиз. Ошондой эле, башка жакка кетип жатат деген 80 сомду териштиребиз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий