• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек шаарында 23 жаңы жол чырак орнотулду

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн 18 транспорттук жана 5 жөө адамдар үчүн жаңы жол чырак объектилери орнотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө 15 транспорттук жана 3 жөө адамдар үчүн светофор объектиси тесттик режимде иштеп жатат. Ал эми дагы 3 транспорттук жана 2 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор ишке киргизилүүдө.

Быйылкы жылдын титулдук тизмеси боюнча 20 объектинин долбоордук-сметалык документтерин даярдоо пландалууда. Бирок, алар келерки жылы курулат.

Тизме шаардыктардын кайрылууларынын, райондук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн корутундусун эске алуу менен түзүлдү.

Шаардын көчөлөрүндө транспорт үчүн 33 светофор жана 10 жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор пайда болот, алар негизинен мектептердин, бала бакчалардын жанында жана эл көп жүргөн жерлерде орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында жаңы жол чырактар жол кыймылын жөнөкөйлөтүү, ошондой эле коопсуздукту жакшыртуу, биринчи кезекте жолдогу абалды жакшыртуу жана кырсыктардын санын азайтуу максатында орнотулат.

Пикир

Оставить комментарий