• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оштун мэри: Элдин үнүн угушубуз керек, бирок бардык көйгөйлөрдү бир күндө чече албайбыз

Аймак 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Элдин үнүн угушубуз керек, бирок бардык көйгөйлөрдү бир күндө чече албайбыз. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жеке арыздар боюнча жарандарды кабыл алды.

Калаа башчысына кайрылган жарандар негизинен жер, таза суу, жол, мыйзамсыз курулуштар жана ар кандай жардамдар боюнча арызданышты.

Мэрдин кабыл алуусунда шаардагы Саргалчаев көчөсүнүн жашоочулары да болушуп, жол, газ, канализация, көчөнү жарыктандыруу боюнча кайрылышты.

Сарыбашов күзгө чейин аталган көчөнү жарыктандыруу жана жолдорун оңдоо тапшырмасын берди.

"Биз элдин үнүн угушубуз керек. Бирок бардык көйгөйдү бир күндө чече албайбыз. Саргалчаев көчөсүн жарыктандыргыла. Жолун тегиздеп бергиле", – деди мэр.

"Шаарсвет" жана жолдор башкармалыгынын жетекчилери күзгө чейин айтылган тапшырмалар аткарыла турганын айтышты.

"Ошсууканал" ишканасынын башчысы Д Көкөчөров канализация көйгөйүн чечүү боюнча аракеттер көрүлөөрүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий